Бишкекте Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
12 январь

Бишкекте Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бүгүн, 2026-жылдын 12-январында, Семетей көчөсүнөн А.Масалиев проспектисине чейинки Чынгыз Айтматов проспектисинин бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан кабарлашкандай, аталган тилкеде 4 жөө өтүүчү жер алдынан өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.

Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды  азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.