Толкун агызып кеткен. Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык аял каза болду 
12 январь

Толкун агызып кеткен. Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык аял каза болду 

Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык аял сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты. 

Маалыматка ылайык, аял ал жакта эс алып жүргөн.

КР ТИМ анын сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. 

Италиядагы кыргыз элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу зарыл жол-жоболорду уюштуруу үчүн Мальтанын тиешелүү органдары менен байланышкан. Ошондой эле тийиштүү иш-чараларды аталган аймакта жашаган кыргызстандык жарандардын жардамы менен жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышта экени кабарланды.