
Ошто айрым маршруттук каттамдардын схемасы убактылуу өзгөрөт
Ош шаарында айрым кичи автобусттук катамдардын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, мындай чара шаардагы Амир-Темур (Калинин) көчөсүн А. Мамыров көчөсүнөн Р. Абдыкадыров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу.
Төмөнкү каттамдар өзгөрөт:
- №116 кичи автобустук каттамы өзүнө бекитилип берилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, С.Абдувалиев, Р.Абдыкадыров, И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;
- №119 кичи автобустук каттамынын азыркы жүрүп жаткан кыймыл чиймеси менен келип Санкт-Петербург, С.Абдувалиев, Р.Абдыкадыров И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;
- №122 кичи автобустук каттамы А.Мамыров, С.Абдувалиев Р.Абдыкадыров, И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен келип андан ары өздөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт.
Ош шаардык мэриясы бул өзгөрүүлөр убактылуу гана экенин жана жол оңдоо иштери аяктаганда маршруттар кайрадан кадимки каттамына кайтарын эскертет.