Трамп өзүн Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу деп жарыялад
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында өзүнүн «өмүр баянынын» скриншотун жарыялап, анда 2026-жылдын январынан тартып Венесуэланын убактылуу президенти (милдетин аткаруучу) катары өзүн көрсөткөн. Ошол эле учурда ал АКШ президенти кызматын да сактап калган.
Бул билдирүү 3-январда АКШ жүргүзгөн «Абсолюттук чечкиндүүлүк» операциясынан кийин жарыяланды.
Аталган операциянын жүрүшүндө Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, Нью-Йоркко соттук териштирүү үчүн жеткирилген. Аларга баңгитеррорчулугу, курал сактоо жана баңги заттарды аткезчилик менен ташуу айыптары тагылган.
Трамп АКШ Венесуэлада бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилгенге чейин өлкөнү убактылуу башкарууга даяр экенин билдирип, оппозиция лидери Мария Корина Мачадо «мамлекетти башкарууга керектүү сапаттарга ээ эмес» деп белгиледи. Ошол эле маалда ал убактылуу президент Делси Родригеске эгерде «туура жол менен аракет кылбаса», «жогорку баа төлөй турганын» эскертти.
Венесуэланын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 3-январда Делси Родригести өлкөнүн убактылуу президенти кылып дайындаган.
Бул окуя эл аралык деңгээлде кеңири резонанс жаратты, бирок азырынча АКШнын Тышкы иштер министрлигинен да, Венесуэла тараптан да расмий комментарий берилген жок.
