Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
15 ноябрь

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 14-ноябрда бүгүн саат 17:57де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында 3,5 баллга, Ош шаарында 2,5 баллга (Кызыл-Ордо айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Каратай айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 2,5 чакырым чыгышта) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.