“Ала-Арча” резиденциясынын аймагында бир катар социалдык объектилер ачылды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жаңы мектептин, бала бакчанын жана үй-бүлөлүк медициналык борбордун ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу шаар тургундары!
Кадырлуу агай-эжейлер, ардактуу ата-энелер!
Убакыттын өтүшү менен шаарыбыз ар тарабынан кеңейип, өнүгүү жолунда баратабыз. Калкыбыз көбөйүп, балдарыбыз чоңойгон сайын жаңы социалдык мекемелерге муктаждык өсүүдө.
Бүгүн биз мына ошондой муктаждыктарды чечүү максатында – “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жаңы мектеп, бала бакча жана жакынкы аймактагы тургундар үчүн үй-бүлөлүк медициналык борбордун ачылышында турабыз.
Ачылып жаткан билим уясы, балдар бакчасы жана үй-бүлөлүк медициналык борбор баарыбызга кут болсун, ак жолтой болсун! Эң алды мына ушундай маанилүү жана тарыхый окуя менен баарыңыздарды чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Мен билим берүү жаатында жакшы жаңылыктарды ар дайым кубануу менен кабыл алам. Айрыкча, бүгүнкү ачылып жаткан 3 объекти тең кийинки муундун келечегине арналып, жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып, бул аймакта билим берүү менен ден соолукка кам көрүүнүн арышы арбып жатканы сүйүндүрөт.
Бала бакча, мектеп, үй-бүлөлүк медициналык борбор – булардын баары бул калктуу аймактын инфратүзүмүн жакшыртуу эле эмес, мамлекеттин кийинки муунга жасаган түздөн-түз инвестициясы, билимге болгон мамиленин жаңы этабы, балдарыбызга болгон камкордук жана эртеңки келечегибизге болгон жоопкерчилик экенин баса белгилейм.
Урматтуу замандаштар!
Бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетүүдө. Ар бир мамлекет өз ийгилигин билимдүү жарандары аркылуу курууда. Биз да мындай дүйнөлүк өнүгүү агымынан артта калбашыбыз керек. Ошондуктан мамлекетибиздин башкы максаты – өлкөбүздүн бардык аймактарындагы балдарга сапаттуу билим берүүгө толук шарт түзүү.
Бул максатта акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык дубандарында жаңы, заманбап талаптарга жооп берген мектептер салынууда. Буга баарыңыздар күбө болуп жүрөсүздөр. Бүгүн ачылып жаткан объектилер дагы ошол системалуу саясаттын бир мисалы.
Бул эки кабаттуу, 570 орундуу жаңы мектеп дагы, 140 орунга ылайыкталган бала бакча дагы жана 40 миңдей жаранды тейлей турган үй-бүлөлүк медициналык борбор дагы заман талаптарына ылайык курулганын өзүңүздөр көрүп турасыздар.
Билим берүү уясында балдардын коопсуздугуна, мугалимдердин иш ыңгайлуулугуна жана сапаттуу билим берүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Жакынкы келечекте мектептин жанына жергиликтүү эл үчүн спорт аянтчасы, воркаут зонасы дагы курулат. Аны мен жеке өзүм көзөмөлгө алам.
Жаңы имараттар – тарбиялуу, билимдүү, ден соолугу чың муунду өстүрүп чыгууга багытталган маанилүү кадам, ошондой эле улуттун интеллектуалдык капиталын таптап чыгара турган ыйык жай.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү ачылып жаткан имараттар – социалдык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан кеңири иштердин бир гана бөлүгү. Мамлекет мектеп, бала бакча, оорукана инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.
Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча жалпысы 118 мектеп менен бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 32 мектептин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктайт.
Быйыл бюджеттин эсебинен республика боюнча 25 оорукана, поликлиника курулуп жатат. Андан тышкары, 22 саламаттык сактоо объектиси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Келерки жылы Бишкекте жарандарыбыз бардык адистештирилген медициналык кызматтарды бир жерден ала тургандай 5 миңден ашуун койкага ылайыкташтырылган медициналык шаарчанын курулушу башталат.
Мына ушундай масштабдуу иштер элдин жашоо деңгээлин жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Бул – мамлекетибиздин адамдык капиталга багытталган туруктуу саясатынын жыйынтыгы.
Урматтуу мугалимдер!
Билим деңгээли – мугалимдин сапаты менен өлчөнөрүн жакшы билесиздер. Билимдүү муундун өсүп чыгышы түздөн-түз мугалимдерден көз каранды. Жаңы муундун балдарын тарбиялоодо ар бир балага көңүл коюп, дилгирлик менен эмгектенип жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем.
Мамлекет билим берүү тармагын жаңылоодо мугалимдердин ролун өзгөчө баалайт.
Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Ал эми келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып, көбөйгөндөн кийин 40 миң сомдун тегерегин түзөт. Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билим бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат.
Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген билим даражасы бакалавр кыргыз тил мугалими учурда эмгек акысы 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт.
Алыскы тоолуу жергесинде орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалими учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт.
Мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу багытында Агартуу министрлиги тарабынан предметтик методика, санарип көндүмдөр, СТЕМ багыты жана инклюзивдик билим берүү боюнча заманбап курстар уюштурулуп жатат. Мындай аракеттер окуучуларга сапаттуу билим берүүгө жетишүү үчүн мугалимдин кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында жасалууда.
Урматтуу ата-энелер, балдар – баарыбыздын үмүтүбүз, өлкөбүздүн келечеги!
Сиздер үйдө туура тарбия берип, мектеп менен тыгыз байланышта болуп, азыркы заманда мугалимдерге дем берип турсаңар, анда балдарыбыз билимдүү эле эмес, тарбиялуу, мекенчил жаран болуп чыгышат.
Кудай буюрса, мындай заманбап билим берүү ордолору, татынакай бала бакчалар, элдин саламаттыгына кам көргөн поликлиникалар, ооруканалар өлкөбүздүн бардык аймактарында курулат, келечекте элибиздин билим алуу, ден соолугуна кам көрүү укугу камсыздалат.
Мен билимдүү, ден соолугу чың коом гана күчтүү мамлекетти курарына бекем ишенем!
Ошондуктан ар бир кыргыз жаранын тарбияга, билимге, саламаттыкка болгон мамилени өзгөртүп, аларды эң жогорку баалуулук катары көрүүгө чакырам!
Балдарыбызга жаркын келечек, мугалимдер менен тарбиячыларыбызга дем-күч, элибизге аманчылык тилейм!
Жаңы мектеп, жаңы бала бакча, жаңы үй-бүлөлүк медициналык борбор өлкөбүзгө кут болсун!
Баарыңыздарды бүгүнкү кубанычтуу окуя менен чын дилимден куттуктайм!”.
