МККБ кызматкерлери №16 үйдөгү адамдарды терезелер аркылуу эвакуациялашты
15 ноябрь

МККБ кызматкерлери №16 үйдөгү адамдарды терезелер аркылуу эвакуациялашты

Чыңгыз Айтматов проспектиндеги №16 көп кабаттуу үйдө өрт чыккандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге биринчи болуп милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жетишкен.

МЧС куткаруучулары келе электе, батирлерде адамдар жана балдар калганын аныктап, МККБ кызматкерлери крандын жана тепкич аркылуу тургундарды терезелер аркылуу эвакуациялай баштаган. Калың түтүнгө карабай, кызматкерлер жогорку кабаттарга көтөрүлүп, жарандарды коопсуз аймакка түшүрүп турушкан.

Өрт учурунда дүрбөлөңгө түшкөн үч тургун өз алдынча качып чыгууга аракет кылып, терезеден секирип кетишкен. Натыйжада жаракат алышып, аларга дароо тиешелүү жардам көрсөтүлгөн.

МККБ кызматкерлеринин батыл, ыкчам жана кесипкөйлүк менен жасаган аракеттери чоң кайгылуу кесепеттерге жол бербей, эвакуацияны өз убагында баштоого өбөлгө түздү.