Айрым дары-дармектер аллергия берүүдө. Аны ким көзөмөлдөйт?
15 ноябрь

Айрым дары-дармектер аллергия берүүдө. Аны ким көзөмөлдөйт?

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн алынып келген айрым дары-дармектер аллергия чакырууда. Дары-дармектердин сапатын ким көзөмөлдөйт? Ушундай суроо менен “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султановго угарман кайрылды.

Талант Султанов белгилегендей, “Кыргызфармация” бир гана дары алып келүү менен алектенет.

“Биздин кесиптештер иштеген Дары-дармек департаменти бар, алар бизге кайсы дарыларды алып келүү боюнча тизме түзүп беришет. Андан кийин дары-дармек өлкөгө жеткирилгенден соң, сапатын да алар көзөмөлдөшөт. Кыргызстанга келчү дарылар каттоодон өткөрүлөт, ошол каттоодо бар дарыларды гана алып келебиз”, – деди ал.

Эл аралык кызматташтык, санариптик жана маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Анарбек Алимахуновдун айтымында, арзан дары-дармек бир гана мамлекеттик мекемелерге берилет. Ал эми жеке менчик дарыканалардагы баа рынок шартына жараша коюлат жана ага кийлигишүүгө мамлекеттик ишкананын акысы жок.

“Биз дары-дармектерди ортомчусу жок алгандыктан, баалары 4-5 эсеге төмөн. Бирок көбүнчө арзан алып жатабыз дейсиңер, бирок дарыканаларда баа мурдагы бойдон турат же андан да кымбаттап кетти деп кайрылгандар болот. Ошондуктан айтып коелу, “Кыргызфармация” алып келген дарылар мамлекеттик ооруканаларга, стационарларга, 1, 2, 3-баскычтагы медициналык мекемелерге гана берилет”, – деп белгиледи.