“Кыргызфармация” узак мөөнөттүү келишимге кол койду: эми дары-дармектер арзан келет
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, аталган ишкана кечээ, 13-ноябрда биринчи жолу атамекендик компаниялар менен узак мөөнөттүү келишимге кол койду.
Айтымында, мында эки максат бар.
“Биринчи максат – жергиликтүү компанияларга колдоо көрсөтүү. Аларга алдын ала пландоого ыңгайлуулук жаратат.
Экинчи максат – узак мөөнөттүү келишим түзгөндө, дары-дармектердин баасы арзандайт”, – деди Султанов.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда айрым дары-дармектердин жоктугунун себеби, биздин өлкө чакан болуп жатканында. 7-8 миллион калкы бар рынокко көп эле ири фармацевтикалык компаниялар чыгууну каалабайт. Бирок бул маселени да чечүү жолу табылды. Ал – коңшу өлкөлөр менен биригүү.
“Бул биздин ишкананын экинчи чоң кадамы болуп калды. Коңшу мамлекеттер – Казакстан, Өзбекстан менен чогуу эл аралык рынокко чыгып, сапаттуу дарыларды алып келүүгө умтулуп жатабыз. Чөлкөм чогуу иштешсек, алдыңкы компаниялардын продукцияларынын бизге келгендеги баасы арзандайт. Ошондой эле, буга чейин бизде жок дары-дармектерди жеткирүүгө болот”, – деди ал.
