Энергетика министринин орун басары: Жакынкы 2 жылда абоненттердин бардык эсептегичтер менен камсыздалат
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагындагы техникалык, коммерциялык жоготуулар жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдары (ЭКЭАТ) жөнүндө» 2024-жылдын 16-январындагы комитеттин чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Аталган маселе боюнча баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков белгилегендей, учурда жалпысынан 423 миң ЭКЭАТ эсептегичтери орнотулган. Бул республика боюнча керектөөчүлөрдө орнотулган эсептегич приборлордун жалпы санынын 27,9 % түзөт.
Талкуу маалында депутат Алишер Козуев абоненттердин калган 70% качан автоматташтырылаарына кызыкты. Буга баяндамачы донорлор менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында жакынкы 2 жылда абоненттердин бардык 100% эсептегичтер менен камсыздаларын билдирди.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алып, тармактык министрликке санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өз убагында так жана сапаттуу аткарууну табышташты.
Муну менен катар жыйында министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат да угулду.