
"Асман" авиакомпаниясынын учагы алгачкы ирет Бишкек-Талас багыты боюнча асманга көтөрүлдү
Бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында маанилүү окуя болду – Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Талас багыты боюнча биринчи техникалык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Алгачкы каттамды Бишкек-Талас багыты боюнча аткаруунун символикалык мааниси да бар. Анткени өзүнүн бай тарыхы жана маданий мурастары менен белгилүү болгон Талас шаары, кыргыз элинин тарыхында негизги орунду ээлеп турат. Дал ушул жерде 751-жылы Талас салгылашуусу болуп, бүткүл аймактын маданий жана экономикалык жолдорун аныктаган.
Бүгүнкү күндө Талас облусу Asman Airlines авиакомпаниясынын аракеттеринин жана ички аба транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү болууда.
Техникалык аткарылган каттам авиакомпаниянын үзгүлтүксүз каттамдарды жүргүнчүлөр үчүн даярдоо программасынын алкагында уюштурулду.
Учактын техникалык персоналы жана экипажы учуудан баштап конууга чейинки каттамдардын баардык тепкичтерин кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын ырасташты.
Ата мекендик авиакомпаниянын түптөлүшү Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагындагы маанилүү демилге. Өлкөнүн шаарларынын ортосунда жаңы каттамдардын ачылышы, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга гана жардам бербестен, ички туризмди жана экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт.
Жакынкы арада Asman Airlines авиакомпаниясы ички каттамдарды гана аткарбастан, коңшу өлкөлөргө да үзгүлтүксүз каттамдарды ишке ашырууну максат кылууда.