Кантта күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери 80% аяктады
Кант шаарында күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Кант шаарынын энергетиктери 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында 36 даана трансформатордук көмөк чордонду, 31 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүп, 286 даана трансформатордук көмөк чордонду, 492 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү. Күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт.
Бул аткарылып жаткан оңдоо иштери Кант шаарынын жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.
Кант РЭТи Кант шаарын жана 5 айыл өкмөтүн жалпы 28 миң 419 абонентти тейлейт.