Бишкекте бүгүн Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
24 сентябрь

Бишкекте бүгүн Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 24-сентябрда саат 15:00дөн баштап Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Кесилиш 4-5 сааттан кийин ачылат.

Белгилей кетсек, Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин оңдолууда.