Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
“Манас” эл аралык аэропорттон президент Александр Лукашенкону министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.
