Манас шаарында психотроптук заттарды колдонуп жүргөн үч жаран кармалды
31 декабрь

Манас шаарында психотроптук заттарды колдонуп жүргөн үч жаран кармалды

2025-жылдын 25-декабрь күнү Манас ШИИБдин аймактык ыйгарымдуу өкүлү тарабынан, Манас шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде “tokalka.vip” интернет сайты аркылуу сойкулук менен алектенген жаран тууралуу маалымат аныкталган.

Аталган маалымат Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө С.А. аттуу кыздын уктоочу бөлмөсүнөн “Regapen” жана “Тропикамид” аталышындагы дары-дармектер табылып, С.А. өз ыктыяры менен тергөө кызматына өткөрүп берген. Ал эми аталган дары-дармектерге карата соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси 282-беренеси (психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Когозголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары, Ош облусунун 27, 30, 32 жаштагы тургундары кармалып, Манас шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.