Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш болуп кала берет — президент Жапаров
Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана ынак дос болуп келген жана болуп кала берет. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия менен болгон бекем жана көп кырдуу мамилелерди ар дайым жогору баалай тургандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров эки тараптуу күн тартиби үзгүлтүксүз кеңейип, жаңы долбоорлор жана демилгелер менен толукталып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле ал Россия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калаарын, ал эми Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция кызматташтык, инновация жана инвестиция үчүн жаңы горизонтторду ачарын кошумчалады.
“Биз инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жайлык жана гуманитардык демилгелерди өнүктүрүүдө Россиянын колдоосун жогору баалайбыз”, - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, күн мурун, 25-ноябрда Россиянын президент Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
