Кыргызстанда ажырашуулардын саны дээрлик 12% өстү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
27 июль

Кыргызстанда ажырашуулардын саны дээрлик 12% өстү

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанда 16 миң 986 нике катталган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 928ге же 5,8%га өскөн.

Нике коэффициенти ар бир миң калкка эсептегенде 5,3төн 5,5 учурга чейин көбөйгөн.

Ошол эле учурда ажырашуулардын саны кыйла көбөйгөн. Беш ай ичинде 6 миң 158 нике бузуу катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 642ге же 11,6%га көп.

Ажырашуу коэффициенти ар бир миң калкка 1,8ден 2 учурга чейин өскөн.

Ошентип, 2026-жылдын январь–май айларында бир ажырашууга орточо эсеп менен 2,8 катталган нике туура келген.

Маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистика комитети берди.