Кадамжайда 200 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт
26 ноябрь

Кадамжайда 200 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт

Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагында жаңы 200 гектар жерди өздөштүрүү пландалууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, ал үчүн 2 тике суу кудугу казылып, суу чыгарылды.

Тамчылатып суугаруу системасын куруу үчүн керектүү, суу түтүктөрү алынып келинди. Мындан сырткары, 6000 кубтук бассейн курулат.

Бул үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом каржыланды.