Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү кибералдамчылык боюнча төртүнчү шектүүнү кармашты
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы кибер алдамчылыктын бардык катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда, натыйжада У.К. аттуу жаран 7 миллион 500 миң сомун жоготкон.
Кылмышка шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, андан соң ири суммадагы акчаны алып берем деп алдап кетишкен.
Бул кылмыш иши боюнча мурда үч шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштын төртүнчү шериги: 1992-жылы туулган Р.Т. аттуу жаран кармалып, мурда бир нече жолу уурулук, каракчылык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча бир нече кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондугун аныкталган.
Кармалгандан кийин шектүүнүн көкүрөгүнөн татуировкалар - компас жылдызынын жана арылдаган арстандын сүрөтү тартылган, алар белгиленген тартипте жазылып алынган.
Ал мыйзамсыз аракеттерди Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында жасагандыгы аныкталган. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалды
