Борбор калаада «Антикино» форматында иш алып барган жайларда мыйзам бузуу учурлары аныкталды
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана «АНТИРЕКЕТ» профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Антикино» тибиндеги бир катар мекемелер кино көрсөтүүгө жамынып, иш жүзүндө коноктордун, анын ичинде жашы жете электерге көзөмөлсүз шарттарды түзүп жатышкандыгын аныкташкан. Мындай жайлардын администрациясы чоңдорго (+18) гана арналган интернет-контентке жол ачып, жаш куракты текшербейт.
Бул сыяктуу ишмердүүлүк өспүрүмдөрдүн адеп-ахлагына жана психологиялык өнүгүүсүнө коркунуч туудуруп, укук бузуулардын жасалышына өбөлгө түзөт. Ушуга байланыштуу борбор калаанын аймагындагы бул форматтагы бардык жайларга комплекстүү текшерүү уюштурулду. Айрым объектилерде сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү фактылары болушу мүмкүн деген негиздер бар.
Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») ылайык кылмыш ишин козгогон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 20дан ашык «Антикино» жайлары аныкталды. Алардын иши реалдуу түрдө фильм көрсөтүүгө пайдаланылбай, ыплас мүнөздөгү аракеттерге шарт түзөрү белгилүү болду. Тергөө кызматынын алкагында тинтүүлөр жүргүзүлүп, колдонулган интимдик каражаттар табылып, өспүрүмдөр аныкталды.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын кайдыгер эмес тургундарына кайрылат: эгер ушуга окшогон жайлар тууралуу же өспүрүмдөрдү укукка каршы аракеттерге тартуу фактылары тууралуу маалымат болсо, дароо “102” номерине кабарлаңыз. Сиздин маалыматыңыз балдарды коргоого жана укук бузуулардын алдын алууга жардам берет.
Ошондой эле Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы мындай объектилердин ээлери жана администрациясы үчүн эскертет: ыпластыкка жана бузукулукка көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзам боюнча 7 жылга чейинки эркинен ажыратуу, мүлктү мамлекетке өткөрүү жазасы каралган.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы өспүрүмдөрдү коргоого жана алардын коопсуздугуна, адептик өнүгүүсүнө зыян келтирген ишмердүүлүктү токтотууга багытталган иштерди улантат.
