Новопавловкада жолдорду капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө
24 сентябрь

Новопавловкада жолдорду капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаар боюнча жолдорду жана тротуарларды, анын ичинде жаңы МАБдардын жолдорун капиталдык оңдоону улантууда.

Мэриянын маалыматына караганда, Деповская көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Новопавлов орто мектеп-гимназиясына чейин жолчулар тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.

Адистер эски асфальтын сыйрып, ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотушту, ошондой эле тротуарга асфальт төшөө үчүн даярдап жатышат.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага ылайык, Новопавловка айылы Бишкек шаарына кошулган.