Ноокен районунда 40 койкалуу оорукананын курулушу аяктады
11 сентябрь

Ноокен районунда 40 койкалуу оорукананын курулушу аяктады

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү.

Оорукананын жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу имарат заманбап үлгүдө курулуп, анда терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү каралган.

Мындан тышкары, оорукананын жанына өзүнчө поликлиника имараты курулуп, анда рентген, стоматология, УЗИ жана кабыл алуу бөлмөлөрү жайгаштырылган.

Объекттин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоор аймактагы медициналык инфраструктураны жакшыртууга жана жергиликтүү тургундарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.