Кыргызстандын «Шербет» аталыштагы суусундуктары Өзбекстанга жеткирилет
2026-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү (мындан ары — Соода өкүлчүлүгү) улуттук продукцияларды өндүргөн кыргызстандык «Алайку Органикс» ЖЧКсына Өзбекстандын ири дистрибьюторлорунун бири — «Platinum Trade Group» ЖЧКсы менен дистрибьютордук макулдашуу түзүүгө көмөк көрсөттү.
2026-жылдын 7-сентябрынан 9-сентябрына чейин өткөн үч күндүк жолугушуулардын жана презентациялардын жүрүшүндө «Platinum Trade Group» ЖЧКсынын өкүлдөрү «Алайку Органикс» компаниясынын продукцияларынын ассортименти, өндүрүштүк стандарттары жана экологиялык артыкчылыктары, анын ичинде «Шербет» бренди менен чыгарылган улуттук жана сергитүүчү суусундуктар менен кеңири таанышып чыгышты. Дегустациялардын жана коммерциялык шарттарды кароонун жыйынтыгында өзбек тарап брендди Өзбекстандын рыногуна чыгарууга жогорку кызыгуусун билдирди.
Сүйлөшүүлөр «Алайку Органикс» ЖЧКсы менен «Platinum Trade Group» ЖЧКсынын ортосунда дистрибьютордук макулдашууга кол коюу менен жыйынтыкталды. Бул макулдашуу ишенимдүү өнөктөштөрдү издөө жана экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүү боюнча Соода өкүлчүлүгү менен «Platinum Trade Group» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Кахрамон Алимовдун ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын практикалык натыйжасы болду.
Жакынкы аралыкта продукциянын алгачкы экспорттук жеткирүүлөрүн уюштуруу пландаштырылууда.
Соода өкүлчүлүгү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Өзбекстандын рыногунда илгерилетүү жана кыргыз бизнесинин тышкы рынокторго чыгышына ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштерин улантууда.
