ИИМде маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн түзүлгөн күнү белгиленди
Бүгүн Ички иштер министрлигинде маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 106 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана аймактык маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Министрдин орун басары өз сөзүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугуна өбөлгө түзгөн санариптик технологияларды өнүктүрүүгө кызматкерлердин кошкон олуттуу салымын баса белгиледи.
Ошондой эле ал катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттин символу катары кыргыз тилинин кадыр-баркын бекемдөө үчүн тил маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө жетекчилик тарабынан ардагерлерге баалуу белектер, ошондой эле аймактык маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.