Көңүл буруңуздар! Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылат
24 сентябрь

Көңүл буруңуздар! Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылат

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Сүйүмбаев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин убактылуу жапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мындай чара Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин ШМА (майдаланган-мастик асфальтбетон) төшөө иштерине байланыштуу жабылат.

Эске сала кетсек, Сүйүмбаев көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери 2024-жылдын  титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлүүдө.

Жолчулар фрезер менен асфальттын бир катмарын алып, эски бордюрларды демонтаждап, жаңысын орнотушту. Ошондой эле түтүктөрдү жана жол бордюрларын алмаштыруу жана орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Мэрия бул кесилиш жабылгандыктан, айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, альтернативдүү жолдор менен жүрүүнү суранат.