Байсалов БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы менен жолукту
23 сентябрь

Байсалов БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушту, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. 

Жолугушууга ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык башкармалыгынын жетекчиси, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулашты.

БУУнун майыптардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 3-октябрына чейин Кыргызстанда расмий иш сапары менен болот.