Кадамжайда жол кырсыгынан жаракат алган жаранды таштап кеткен айдоочу кармалды
2025-жылдын 20-ноябрь күнү саат 19:48 чамасында Кадамжай шаарынын А.Орозбеков көчөсүндө, Кадамжай–Чечме автоунаа жолунда 48 жаштагы Ш.К. мас абалда жолго жатып калган. Ошол учурда өтүп бара жаткан “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаа аны тебелеп өтүп, айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтпөстөн, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (Коркунучта калтыруу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө башталган.
Кадамжай РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен районунун Таян айылынын 51 жаштагы тургуну А.Р. аныкталып, 2025-жылдын 22-ноябрь күнү кармалды. Ал учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
