
Кыргызстанда бир жумада 14 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 16-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 617 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 405;
- Мас абалында унаа башкаруу - 199;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 38;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 915;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2 225;
- Автоээнбаштык - 6;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 280;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 7 549;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 507 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.