Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм аттан кулап каза болду
Ноокат районунда 2010-жылы туулган А.У. аттуу өспүрүм аттан кулап каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, өспүрүм Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Маркумдун жакындары соттук экспертизадан жана арыз жазуудан баш тартышкан
