Ошто беш миң адамды батыра алган төрт кабаттуу мечиттин курулушу башталды
Ош мэриясы
18 май

Ошто беш миң адамды батыра алган төрт кабаттуу мечиттин курулушу башталды

Ош шаарында “Имам Аль Бухарий – Алай” мечитинин мезгил кутучасын салуу аземи өттү.

Иш-чарага шаар башчысы Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов, диний ишмерлер, аксакалдар жана Ош шаарынын тургундары катышты.

Шаар мэри Жанар Акаев аземинде сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды тарыхый окуя менен куттуктады.

Аталган мечит алгачкы ирет 1890-жылы 500 орунга курулган.

1920-жылдары жабылып, кампа катары колдонулган. Эгемендик жылдары эски имараттын жанына жергиликтүү демөөрчүлөр жана араб фонддорунун колдоосу менен 3000 орундуу эки кабаттуу жаңы имарат салынган. 2007-жылы эски мечит авариялык абалда болгондуктан бузулуп, ордуна 1500 орундуу жаңы курулуш жүргүзүлгөн.

Жаңы мечит 4 кабаттан туруп, 5000 адамды батыра алат. Анда жер алдындагы автоунаа токтотуучу жай, коноктор үчүн унаа токтотуучу аянтча, намаз окуу жана даарат алуу үчүн бардык шарттар, Куран үйрөнүү бөлмөлөрү жана китепкана каралган.