Кыргыз делегациясы ЮНИДОнун 21-Башкы конференциясына катышууда
Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы 2025-жылдын 23-27-ноябрында Эр-Рияд шаарында (САП) өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) 21-Башкы конференциясына катышып жатат.
Иш-чаранын алкагында 25-ноябрда делегация башчысы, Элчи У.Марипов «Европаны жана Борбордук Азияны туруктуу өнөр жай өсүшү үчүн араб аймагы менен байланыштыруу: технологияларды өткөрүп берүү жана инвестициялар» аттуу негизги диалогго катышты.
Өз сөзүндө Элчи У.Марипов 2025-жылы кол коюлуп, ишке киргизилген Кыргыз Республикасы үчүн ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын (ӨӨП) алкагында аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.
Элчи У.Марипов, ӨӨП Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү стратегиясына толук шайкеш келип, комплекстүү реформалардын жана өнөктөштүктүн жаңы этабын ачарын белгиледи. Ошондой эле ал араб өлкөлөрү менен кайра жаңыртылуучу энергетика, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, өнөр жайды модернизациялоо, санариптик технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташуунун жогорку потенциалын белгилеп өттү.
24-ноябрда өткөн «Өнөр жайды өнүктүрүү үчүн адилеттүү энергетикалык өткөөлдүн кайра түзүү ролу» аталышындагы сайд-ивентте Элчи Улукбек Марипов Кыргыз Республикасы жашыл энергияны өнүктүрүү, экологиялык коопсуздук жана туруктуу өсүштү илгерилетүү аркылуу туруктуу жана адилеттүү энергетикалык өткөөлдү камсыз кылуу боюнча глобалдык күн тартибин колдой турганын баса белгиледи.
