Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иш убактысы узартылды
Бишкектин Үй-бүлөлүк медицина борборлору жума күндөрү иштөө убактысын кечки саат 20:00гө чейин узартты. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун социалдык тармактагы баракчасында маалымдалат.
"Урматтуу жарандар, эгерде сизде курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун белгилери байкалса, Үй-бүлөлүк медицина борборуна телефон аркылуу үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз", - деп эскертти борбор.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору, ошондой эле Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлору жана Балдардын адистештирилген консультативдик амбулатордук клиникасы (БАМК) төмөнкү график боюнча иштей турганын эскертти:
Дүйшөмбү-ишемби: саат 8:00дөн 20:00гө чейин
Жекшемби: саат 8:00дөн 14:00гө чейин.
