Улуттук валютаны демонстративдүү түрдө айрыган чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат
25 ноябрь

Улуттук валютаны демонстративдүү түрдө айрыган чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат

2025-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жана Ленин районунун ИИБнын кызматкерлери социалдык тармактарда кеңири талкуу жараткан видеодогу чет өлкөлүк жарандын өздүгүн аныкташты.

Таралган видео кадрларда эркек киши Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын демонстративдүү айрып, мамлекеттин символдоруна жана коомдук адеп-ахлак нормаларына карата сыйлабастык көрсөтүп жаткандыгы көрүнөт.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы төрөлгөн чет өлкө жараны С.А. кармалды. Анын Кыргызстан аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтери жок экени аныкталды.

Миграция мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча аталган чет өлкөлүк жаранга карата Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын ИИББгы мамлекеттик символдорду кордогон же миграциялык тартипти бузган аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет.