Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Жаңы жылдын майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү пункттары 2026-жылдын 1-январында убактылуу жабыларын маалымдайт.
Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү «Иркештам-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:00дөн тартып, ал эми «Торугарт-автожол» өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 2-январында саат 08:00дөн тартып кайрадан жандандырылат.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы жарандардан жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.
