
Аймактык юстиция башкармалыктары компьютердик техникаларды жаңыртты
Юстиция министрлиги аймактык башкармалыктарга компьютердик техниканы жаңылоо процессин баштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, бул максатта министрликтин атайын эсебинен каражат бөлүнгөн.
Персоналдык компьютерлердин заманбап комплекттери юстициянын жети башкармалыгына келип түштү. Сатып алуулардын жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашык сумманы түздү.
Бул кадам Юстиция министрлигинин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана региондордо жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу шарттарды түзүү боюнча масштабдуу программанын бир бөлүгү болуп саналат.