Беларус ишкердик жумалыгынын алкагында “Беларусь – Кыргызстан” диалог аянтчасы болуп өттү
Минск шаарында өткөн Беларустун ишкердик жумалыгынын алкагында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаевдин Беларустун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чара кыргыз-беларус соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды түзүү максатында уюштурулган.
Жолугушууга Беларустун парламенттин депутаттары жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле айыл чарба, туризм, текстиль, курулуш, медицина, мунай, оор өнөр жай, IT-тармактарындагы компаниялардын жетекчилери катышты.
Элчи Э.Султанбаев Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, кызматташуунун келечегин талкуулады жана беларус ишкерлерин өлкөдө биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.
Жолугушуу жандуу диалог форматында улантылды, анын жүрүшүндө элчи Беларус бизнесинин кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Катышуучулар Кыргызстандын туристтик потенциалына арналган экспозицияга өзгөчө көңүл бурушуп, ал делегаттарга туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга жана бул жаатта биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашууга мүмкүндүк берди.
