Аламүдүн районунда мыйзамсыз саркынды суу агызуу фактылары боюнча рейддин жыйынтыгы
25 ноябрь

Аламүдүн районунда мыйзамсыз саркынды суу агызуу фактылары боюнча рейддин жыйынтыгы

2025-жылдын 24-ноябрында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Аламүдүн районунун 2-Пятилетка жана Ленин айыл аймагына караштуу Дача-Су айылдарында жарандардын кайрылууларынын негизинде рейддик текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө саркынды сууларды мыйзамсыз жана белгиленбеген аймактарга агызуу фактылары аныкталып, бир катар ишкерлер тарабынан экологиялык жана санитардык талаптардын бузулганы такталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-1-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, ар бир мыйзам бузган тарапка 28 000 сомдон, жалпы 56 000 сом айып пул салынды.

Инспекторлор тарабынан бузууларды токтоосуз жоюу талабы коюлуп, тиешелүү түшүндүрүү жана эскертүүлөр берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана ишкер субъекттерин экологиялык нормаларды так сактоого чакырат. Мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат берип жаткан активдүү жарандарга ыраазычылык билдирилет.