Ош: Алай 1 жана Алай 2 конуштарынын негизги жолдоруна асфальт басылууда
Ош шаарынын Алымбек Датка аймактык башкармалыгындагы Алай 1, Алай 2 конуштарынын жолдоруна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жалпы 5 чакырым жол жасалууда.
Буга чейин шаар башчысы рейддик кыдыруу учурунда аталган конуштарга барып, маселе менен жеринде таанышып келген. Жергиликтүүлөр унаалардын каттамына түгүл жөө жүргүнчүлөргө, окуучуларга да жолдо жүрүү кыйынчылык жаратаарын айтышкан. Мэр көйгөйдү көрүп чыккан соң, жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырган.
Учурда жол кеңейтилип, эки тилкелүү болуп асфальт басылууда. Ошондой эле тротуарлар жана ирригациялык лотоктор да кошо салынат.
