
Стоматолог, маникюр, педикюр же гепатит кайда жугат
Нургүл Токтогулова - Ельцин атындагы КРСУнун медицина факультетинин №1 терапия кафедрасынын башчысы, КР билим берүү жана саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты. Ал гепатит деген эмне жана боорду кантип сактап калуу боюнча айтып берди.
- Эмнеге гепатит көбөйүп жатат?
- Сыягы, вирустук гепатиттин айынан гепатиттин саны көбөйүүдө. Өзгөчө көп вирустук гепатит айрыкча, республиканын түштүгүндө кездешүүдө, бул В вирустук гепатити жана аны менен катар D (дельта агенти менен) жана С вирустук гепатити. Негизинен алар парентералдык жол менен, күнүмдүк турмушта стоматологияга, сулуулук салондоруна (маникюр жана педикюр жасоо үчүн) барганда жугат, анда санитардык-эпидемиологиялык абал толук көзөмөлдөнбөйт. Көбүнчө оорулуу кайсы жерден жукканын байкай албайт. Бул В вирустуу гепатитине каршы вакцинациянын жетишсиздигинен да келип чыгат.
Башка жагынан алганда, гепатит бир гана вирустук этиологияга ээ болушу мүмкүн эмес. Аутоиммундук тектүү себептери болушу мүмкүн, алар көбүнчө башка аутоиммундук оорулар менен байланышкан. Андан тышкары дары-дармектик гепатит (полифармация деп аталат) да бар, бейтап бир нече адистерге кайрылганда, ар бири ага 3-4 дары жазып беришсе деле, натыйжада ал 10дон ашык дары-дармектерди кабыл алат, ошол эле убакта жөнгө салуучу ыкмалар колдонулбаса, боор дарыдан жабыркашы мүмкүн. Дары гепатити айрыкча пандемияда, көптөгөн дары-дармектер аргасыздан көзөмөлсүз дайындалып, ичилген маалда көбөйдү. Көптөгөн дарылардын метаболизми боор аркылуу өтөт, бул боордун бузулушуна алып келет.
- Бейтап өзү кандай сактыкты кармануусу керек?
-Бейтапка дары-дармектер дайындалгандан кийин, бейтап өзү бул дары каражаттары бири- бири менен кандай байланышта болоорун ойлонушу керек. Сөзсүз дарылардын колдонуу шарттарын окуп, ал боор аркылуу өтөбү же бөйрөкпү – билип алуу шарт. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылып, ар кайсы адистердин корутундусун көрсөтүп, анын да сунушун угуу зарыл. Балким, бир убакта ошончо дарыны кабыл алуу керек эмес. Жаш адамга эң көп дегенде 4-5 дары кабыл алуу сунушталат. 65 жаштан жогору бейтап 3төн көп эмес дары ичсе болот. Эң зарыл дары каражаттарын гана калтыруу керек.
Жүрөк-кан тамыр жана зат алмашуу ооруларынын көбү жашоо образын өзгөртүү жана тамактанууну нормалдаштыруу жолу менен жакшы көзөмөлдөнөт.
Гепатит - боор клеткаларынын сезгениши. Вирустук гепатит башка, дары-дармектен пайда болгон гепатит башка, андан бөлөк алкоголдук гепатит же боордун алкоголдук оорусу деген да бар. Ошондой эле майлуу гепатоз же алкоголсуз майлуу боор оорусу кездешет.
Бир күндө эркектер 30 грамм, аялдар 20 граммдан ашык спирт ичимдиктерин ичүүсүнүн кесепетинен пайда болгон гепатит дагы бар. Көбүнчө адам ашыкча жеп, салмак кошуп, боорду май бастырып жиберет, ошол эле убакта ага кошумча алкоголдук ичимдиктерди ичет ж.б. болушу мүмкүн.