Жамин Акималиев, академик: «Эттин баасын мал эмес, технология түшүрөт»
1 сентябрь

Жамин Акималиев, академик: «Эттин баасын мал эмес, технология түшүрөт»

Кыргызстанда бодо малдын саны өсүп жатканы менен эттин баасы арзандабай келет. Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиевдин айтымында, маселе малдын санында эмес, аны багуу системасында. Окумуштуу мал чарбасын өнүктүрүү үчүн тоют базасын чыңдап, заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

– Жамин агай, малдын саны өсүп жатса, эмне үчүн эт арзандабай жатат?

– Анткени биз малдын санын негизги көрсөткүч катары карап келебиз. Чындыгында бир баш малдан канча эт алынары, анын канчалык тез салмак кошору жана багууга кеткен чыгым маанилүү.

Малдын саны көбөйдү, бирок тоют базасы, технология жана өндүрүштү уюштуруу жетиштүү деңгээлде өнүккөн жок. Малды көбөйтүү оңой, ал эми сапаттуу эт өндүрүү илимге жана технологияга таянат.

– Жайыт маселеси кандай таасир берүүдө?

– Бул негизги көйгөйлөрдүн бири. Малдын саны жана түрү көбөйгөнү менен тоют базасы кеңейген жок. Мурда жайыттар малдын тоютка болгон муктаждыгынын 60 пайызга чейин камсыздаса, азыр бул көрсөткүч 45–50 пайызга түшкөн.

Демек, малды көбөйтүү менен катар анын азык базасын да күчөтүү зарыл.

– Этти арзандатуунун натыйжалуу жолу кайсы?

– Малдын санын чексиз көбөйтүү менен маселе чечилбейт. Туруктуу өндүрүш түзүлүшү керек. Колдо бордоп семиртүү системасын өнүктүрүү зарыл.

Сапаттуу тоют, туура рацион жана заманбап технология эт өндүрүшүн көбөйтүп, рыноктогу бааны турукташтырууга жардам берет.

– Кыргызстанда мындай тажрыйба мурда болгонбу?

– Ооба. 1970-жылдары бодо малды өнөр жайлык негизде бордоп семиртүү системасы түзүлүп, 200 миң башка чейин мал атайын комплекстерде багылган.

Ал кезде негизги басым технологияга жасалган. Тоют алдын ала даярдалып, рацион илимий негизде түзүлгөн. Туура шартта малдын суткалык салмак кошуусу 600 граммдан 1,2 килограммга чейин жеткен.

– Азыр ири бордоп семиртүүчү комплекстерди курууда эмнеге көңүл буруу керек?

– Комплексти куруу менен иш бүтпөйт. Сапаттуу тоют, суу, ветеринардык кызмат, адистер жана заманбап технология болушу шарт.

Өткөн тажрыйбадан комплекстердин сырткы көрүнүшүн эмес, анын негизин – илимий мамилени алуу керек.

– Кыргызстан ири эт өндүрүүчү өлкө боло алабы?

– Мүмкүнчүлүк бар. Бирок биринчи кезекте тоют базасын чыңдоо, чарбаларды ирилештирүү, кооперацияны өнүктүрүү жана илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү зарыл.

Кыргызстандын келечеги малдын башын көбөйтүүдө эмес, ар бир баш малдан көбүрөөк жана сапаттуу продукция алууда. Биз көп мал баккан эмес, көп сапаттуу эт өндүргөн өлкөгө айланышыбыз керек.