Батыштан айырмаланып, БРИКС мамлекеттердин укуктарын тепсебейт
23 октябрь

Батыштан айырмаланып, БРИКС мамлекеттердин укуктарын тепсебейт

Укук коргоочу Турсунбек Акун “Караван-Инфо” редакциясына Татарстандын Казань шаарында шейшемби күнү старт алган БРИКС саммити тууралуу айтып берди.

— Россия Федерациясынын президенттик аппаратынын көрсөтмөсү жана Россиянын Кыргызстандагы Элчилигинин жардамы менен дүйшөмбү күнү Казань шаарына келгем. Борбор Азия өлкөлөрүнөн азырынча келген журналисттерди, коомдук ишмерлерди, укук коргоочуларды көргөн жокмун. А башка өлкөлөрдөн 300дөй журналист келди. БРИКС саммитине 30дан ашуун өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышканы жатат. Шейшемби күнү  5 мамлекеттин башчылары катышты. Эң негизгиси, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин учуп келди, аны абдан жакшы тосуп алышты. Түштүк Африканын, Индиянын президенттери дагы кечээ келишти. Учуп келгендердин баарын монитордон көрсөтүп турат. Абдан чоң монитор жайгашыптыр. Биз абдан чоң текшерүүдөн өтүп жатабыз, ПЦР-тест тапшырып, чоң аппаратурадан өткөрүлүп. Айтор, бардык жагынан абдан жакшы шарт түзүлгөн. Мен журналист, укук коргоочу катары эпицентрде отурам. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген журналисттер Борбор Азия өлкөсүнүн өлкөсү катары менден биз тараптагы абал, БРИКСке болгон көз караш, БРИКСтин максаттары жана милдеттери, ал Жакынкы Чыгыштагы, Украинадагы согушту токтото алабы деген сыяктуу суроолорду берип жатышат, мүмкүнчүлүгүм жетишинче жооп берүүдөмүн, — деди Акун. 

Ал ошондой эле уюмдун келечегине болгон көз карашы менен бөлүштү.

— БРИКС абдан таасирдүү уюмга айланат. Буга чейин Америка бир уюлдуу болуп, дүйнөнү башкарып келген. Ага Батыш толугу менен жардам берип, Америка башка өлкөлөргө өзүнүн көрсөтмөсүн берип турган. Мамлекеттер ичинде төңкөрүштөрдү уюштурган, провокация кылган. Айтор, Америка жүргөн жерде будуң-чаң болуп келди. БРИКС көп уюлдуу болуп, Путин жана Си Цзиньпиндин демилгеси менен Америка, НАТО, Евросоюзга альтернатива катары түзүлүп жатат. Анын катарына 30дай мамлекет кошулушу күтүлүүдө. Буларга эч ким көрсөтмө бербейт, укугун тебелебейт, басынтпайт, бул көз каранды эмес мамлекеттердин өзүнчө биримдиги. Дүйнөдөгү согуштарды токтотуу, экономикалык, коргонуу, маданий, социалдык байланыштарды күчөтүү менен алектенет. Учурда Жакынкы Чыгышта аймактык согуш тутанып кетүү коркунучу турат. Мындай учурда БРИКС согушту токтотуу боюнча пикирин ачык билдирет. Бул саммитке азыр бүткүл дүйнө көз салып турат”, —  деди Турсунбек Акун.