Депутат айымдарга бир собол...
17 январь

Депутат айымдарга бир собол...

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары өз мандаттарын алып ишке киришти. Биздин редакци айрым эл өкүлдөрүнө бир собол менен кайрылып суроо узаттык...

Нилуфар Алимжанова, депутат: “Мурдакы чакырылышта эң жаш депутат болгом”

Эл өкүлү болушума түрткү берген ата-энем, жакындарым,  жолдошум жана албетте элим болду. 2021-жылы шайланып келгенимде, мурдакы чакырылыштын эң жаш депутаты болгом. Элибиздин ишенимин актоо, кызмат кылуу  менин башкы милдетим жоопкерчилигим болгон десем болот. Ошону менен бирге  “жаштар ишенсе болот” деген ишенимди  элибиздин аң сезимине арттыруу үчүн жаштардын атынан да жоопкерчилик алып, уят кылбастан эмгек кылууга аракет кылып келе жатам.  Мурдакы шайлоодо 1380 добуш алсам, азыркы шайлоодо 4264 добуш менен шайландым. Бул да болсо мага деген элимдин ишеними үч эселеп жогорулады деп түшүндүм. Бул мен үчүн чоң мотивация, стимул, ишеним, жоопкерчилик болду. Жөнөкөйлүк, кичипейилдик, эмгек, аракетке тарбиялаган ата-энеме ыраазымын. Азыр да “депутат” элем деп өзүмдүн ишимди жогору койбостон карапайым эл менен бирге болуп, ар бир кайрылган жарандардын маселесин түз байланыш менен жеринен, ыкчам чечүүгө далалат кылганым үчүн ишеним көрсөтүп кайрадан шайлаган жалпы журтума ыраазымын.

Жылдыз Таалайбек кызы, Вице-спикер: “Толук жыйынтыкталбай  калган иштерди ырааттуу улантып, аягына чыгарууну көздөдүм”

Мени түйшөлткөн негизги коомдук маселелерге жарандардын социалдык-экономикалык абалы, жумуш менен камсыз кылуу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы көйгөйлөр, аймактардын инфраструктуралык өнүгүүсү, таза суу, сугат суу, ошондой эле аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жана аялдардын укуктарын коргоо маселелери кирет.Шайлоо алдындагы агитация мезгилинде шайлоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди комплекстүү талдоодон баштадым. Ар бир маселенин мүнөзүн, себептерин жана аны чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун дыкат изилдеп, жарандардын үнү конкреттүү иш-аракеттерге айланышы үчүн системалуу иш алып барууну максат кылдым. Ошо менен бирге, VII чакырылышта толук жыйынтыкталбай калган иштерди ырааттуу улантып, аягына чыгарууну көздөдүм. Менин депутаттык ишмердүүлүгүмдөгү эң негизги максат – өз элиме жана өз жериме ак ниет, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу кызмат кылуу. Атам – Таалайбек Курткаев тарабынан эл үчүн жасалган алгылыктуу иштер коомчулукка жакшы маалым жана алар элдин эсинде сакталып келет. Ошол иш-аракеттердин уландысын камсыз кылуу, мурда башталган демилгелерди логикалык жыйынтыкка жеткирүү жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу мен үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Атамдын ысымын татыктуу сактоо менен, элдин кызыкчылыгына кызмат кылууну өзүмдүн жарандык жана моралдык милдетим деп эсептейм.

Гүлсүнкан Жунушалиева, депутат: “Мандат-мен үчүн эң чоң жоопкерчилик”

Мандат – мен үчүн эң чоң жоопкерчилик. Элимдин мага арткан үмүтү, аманаты.  Шайлоого катышып, депутаттыка аттанып жатканда,  “эли-журтума ак кызмат кылам” деп алдыга план койгон элем. Шайлоочуларым мени жети миң добуш менен колдоп беришти. Кыргызда, “Элиң менен бийиксиң...” деген улуу сөз бар эмеспи. Анын сыңары бийик  максаттарга жетүүгө, эл маселесин  чечүүгө, журтка кызмат кылууга элим шарт түзүп берди.  Ар бир добуш мен үчүн баалуу ишеним. Эмгектенип, мамлекетибиздин өнүгүп өсүшүнө салым кошуп, жалпы элибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга баардык күчүбүздү жумшашым керек.  Шайлоочуларыма, колдогон, сүрөгөн жамы журтка сиздердин редакция аркылуу ыраазычылык билдирем.

Махабат Мавлянова, депутат: “Убакытты туура пайдалануу менен баардыгына жетишсе болот”

Мени ата-энем ак эмгек, адал иш кылууга тарбиялап өстүргөн. Бала кезден убакытты тегиз бөлүштүргөнгө калыптанып калганым үчүнбү мындай нерсе мен үчүн маселе деле эмес.  Эрезеге жетип студент болгон күндөн тарта турмуштун эки тизгин бир чылбырын колго алып келем. Мурда жогорку окуу жайда окуп, билим алып жүрүп дагы жеке ишкерликти нөлдөн баштаганбыз. Кийин үй бүлө күтүп, бала төрөп алып деле иштеп, аракетибиздин арты менен чоң деңгээлге жеткире алдык. Азыркы тапта ошондой эле аракет менен элдин жоопкерчилиги менен үй бүлөнү  бирге алып кетүүдөмүн. Убакытты туура, так пайдалануу менен баарына жетишсе болот де айта алам. Мени экинчи ирээт эл өкүлү кылып, ишеним артып  шайлап берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирем. Буйруса ар бир добуштун жоопкерчилигин сезип, алдыда эл жерибизге ак кызмат кылууга даярмын.

Эдита Тайгараева, депутат: “Депутат болуп өтөөрүмө 100 пайыз ишенгем”

Эл өкүлү болгончо чейин 20 жыл мамлекеттик кызматта иштедим. Күн-Туу аймагында 12 жылдык үзүрлүү эмгегимдин артында жалпы элим депутат болушума түрткү беришти. 2020-2021-жылдары Ковидде көз алдыбызда өтүп кеткен замандаштарыбызды көрүп, эмнегедир эл өкүлү болуп, элге кайрат берип, жардамымды, салымымды кошкум келген эле. Бирок, ал учурда биздей карапайымдарга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул жолу Президентибиз Садыр Нургожоевич таза шайлоо өтөөрүнө кепилдик берип, өзүнүн көзөмөлүнө ала турганын билдиргенден кийин шайлоого барууга чечкиндүү кадам таштадым. Мага түрткү, шык берген элим колдоп, эл өкүлү кылып шайлап алышты. Мен депутат болуп келээриме 100 пайыз ишенгем. Буга чейин Сокулук райондук администрацияда, айыл аймакта иштеп карапайым элдин маселесин жеринен билген үчүн элдин маселесин, көйгөйүн чечүүгө, өзгөчө аярлуу катмарга көмөк көрсөтүүгө аткаруу менен бирге иш алып барууга аракетимди жумшайм. Элге керектүү мыйзамдарды кабыл алып элим үчүн иштейм. Депутат – мен үчүн бийлик эмес, элиме кызмат кылуу деп кабыл алам.