Эсенбек Эргешов: Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу кандай тартипте жүргүзүлөт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бир нече жылдан бери эмгек рыногунда ийгиликтүү иштөөдө. Ал аркылуу көптөгөн кыргызстандык чет өлкөлөрдө убактылуу жумуш менен камсыз болушуп, турмуш-шартын кайсы бир деңгээлде жакшырта алышты. Бул тууралуу аталган борбордун башкы адиси Эсенбек Эргешов айтты.
– Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу кандай жүрүп жатат, ушул боюнча айтып берсеңиз?
– Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан 2024-жылы 4 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө жумушка орношкон. Анын ичинен 3 855и Улуу Британияда, ал эми 421и Түштү Кореяда иштеген. Андан сырткары бул жаатта бир жеке компания да лицензиянын негизинде иш алып барат, ал аркылуу 16 миңден ашуун жаран чет өлкөлөрдөн жумуш тапкан.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда чет өлкөлөрдө иштөөнү каалагандарды тандап алуу процесси жүргүзүлдү. Февралдын башында ачылган процесс 3-мартта соңуна чыгып, каалоочулардын тизмеси түзүлдү жана тийиштүү процедуралардан өтүштү.
– Чет өлкөлөр менен эмгек рыногу жаатында иштешүүгө эмне түрткү болду?
– 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун миграциялык абалды жакшыртуу жана эмгек рыногун диверсификациялоого багытталган жарлыгынын негизинде иштеп баштаганбыз. 2022-жылы Улуу Британиядан жакшы өнөктөш таптык. Ошентип, жылына бир миң, бир жарым миң кыргызстандыкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүп келдик. Бул биздин барган жеринин мыйзамын так сактап, ишин жоопкерчилик менен аткарган, толлеранттуу жарандарыбыздын шарапаты менен болууда десем жаңылышпайм. Аларга ыраазычылык билдиребиз. Бул жарандар канчалык жакшы иштешсе, кийинки агымдарга да кошулууга мүмкүнчүлүгү көбөйөт.
– Жогоруда февраль айында чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандарды тандап алуу боюнча кезектеги процесс болгонун айттыңыз, ага канча жаран катышты?
– Бул жолу ХОПСту (Улуу Британиядагы мезгилдик иштер – ред.) 1400 жаран тандап алды. Андан соң ал жарандар менен офлайн жолугушуу болду, биз аянтча уюштуруп бердик, алар келип аңгемелешүүдөн өтүштү. Эми жыйынтыгы 2-3 жумада белгилүү болот. Ал эми квота менен иштөөнү тандап алгандарга онлайн тестирлөө болду, бул негизинен тил билүү деңгээли аныктоого арналган. Учурда аңгемелешүү болуп жатат, бул дагы үч күнгө созулат. Биз азыр бул тармакты жакшыртып, квотаны көбөйтүү боюнча иштеп жатабыз. Анткени, коңшу өлкөлөр жарандардын чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убактылуу токтотушту, бул учурдан пайдаланып бизде квотаны көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
– Биздин жарандар көбүнчө кайсы өлкөлөргө жумушка орношо алышат жана кайсы тармактарда иштешет?
– Биз азыр Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Болгарияга, Түркияга, Германияга жумушка орноштуруп жатабыз. Жумуш негизинен айыл чарба багытында – ошол эле капуста, кулпунай, помидордун түшүмүн жыйнашат. Бул мезгилдик иштерди тандап алгандарга тийиштүү. Ал эми алардын айлык акысы – Улуу Британияда апрелден тартып саатына 12 фунт 22 цент болот (учурда 11 фунт 44 цент). Ал эми Түштүк Кореянын жумуш күчүнө талабы башкача. Мисалы, аларда сырттан келчү жумушчу күчкө таңкыс болгон тарап өлкөсүнүн Эмгек министрлигине арыз беришет. Негизги талап – тил билүү, жок дегенде базалык деңгээлде. Андан сырткары талапкерлердин ден соолугу, көзүнүн курчтугу да эске алынат. Ага жараша эки этапта тестирлөө, видео аңгемелешүү өткөрүлөт. Бардык талаптарга жооп берген талапкерлер менен эки жылдык контракт түзүлөт.
Бул өлкөдө айына 1700 доллар айлык алууга болот. А Германия негизинен медициналык кызматкерлерге басым жасайт. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан 7 кыргызстандык Германияга жиберилген. Алар бул жактан 1,5-2 жыл Германиянын стандарты боюнча медициналык билим алышкан. Ал өлкөгө баргандан кийин алгач поликлиникаларда стажировкадан өтүшөт. Өзүн жакшы көрсөтө билишсе, анда бир топ жогорку позицияда туруктуу ишке кабыл алынышат.
– Жумушка орношуу үчүн чет жакка жолго чыккан жарандарды жумуш ордуна чейин жеткирүүнү да колго аласыздарбы?
– Кантип кетебиз, бараар жерибизге кантип жетебиз деп санааркагандар бар. Айтып коеюн, бул багытта эки оператор иштейт. Бири барчулардын каттамын түзүп, кайсы жерге чогулуп, кайсы жерден кетип, кайсы жерге барышаарын деталдуу түрдө пландап чыгат. Экинчи оператор бул жактан баргандарды абамайдандан тосуп алып, фермага жеткирүүнү колго алат. 3 жылдан бери эч кимден бул жаатта даттануу түшкөн жок. Биз чет өлкөгө жумушка бара жаткандарга керек болсо жеке байланыш номерлерибизди да беребиз, алар коопсуздугунан чоочулашпасын дейбиз.
