Келерки жылы пенсия көтөрүлөбү? Бактияр Алиев жооп берди
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Караван-Инфо” редациясынын 1-октябрдан баштап пенсиянын көтөрүлүшүнө байланыштуу суроолоруна жооп берди.
- 1-октябрдан тартып Кыргызстанда 6900 сомго эсептелген минималдуу пенсияны канча адам ала баштайт?
- 1-сентябрга карата Социалдык фонддо 785 миң пенсионер катталган. Анын 100 миңден ашууну 1-октябрдан тартып 6900 сомдон ылдый эмес пенсия алышат.
Редакциядан: 2024-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалган пенсиялардын жалпы суммасы Кыргыз Республикасынан «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүү жолу менен кошумчаларды эске алуу менен 6900 сомдон кем болбошу керек.
- Канча пенсионер пенсиясын банк аркылуу, канчасы почта аркылуу алат?
- 785 миң пенсионердин ичинен 623 750сү же 79 пайызы коммерциялык банктар аркылуу алат. Калгандарына “Кыргызпочтасы” берет. Беш жыл мурда тескерисинче болчу – 75 пайызы почтанын кызматын колдонсо, 25 пайыз банктан алчу.
Дагы беш жылдан кийин бардык пенсионерлер пенсиясын банк аркылуу алып калат деп ойлойм.
- Келерки жылы пенсияны көтөрүү планда барбы?
- Мыйзамда пенсияны жыл сайын көтөрүп туруу каралган. Бул үчүн Социалдык фонд ар жылы каражат салат. 2025-жылга да жогорулатуу каралган. А кандай өлчөмдө болот, кандай механизмдер менен ишке ашат – аны КР Министрлер Кабинети аныктайт.