28 октябрь

Борбор Азия окуялардын ар кандай өнүгүшүнө даяр болушу керек

Бүгүнкү күндө Борбор Азия туруктуулук жана коопсуздук жагынан салыштырмалуу ыңгайлуу шартта турат. Бирок Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталыш шартында кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз окуялардын ар кандай өнүгүү багыттарына даяр болушубуз зарыл.

Азыркы тапта аскердик жаңжалдар аймактан тышкары жерде болуп жатса да, биздин жарандарыбызга жана экономикабызга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Буга Wildberries компаниясынын айланасындагы кырдаал айкын мисал боло алат. Компаниянын кампалары Украина тараптан соккуга кабылганда, алардын арасында Россияда эмгек миграциясынын алкагында ушул маркетплейстерде иштеген Кыргызстандын жарандары да жабыркаган. Мындан тышкары, олуттуу финансылык жоготуулар болгон: чабуулдардын натыйжасында миллиондогон долларлык товарлар жок кылынган.

Демек, аскердик аракеттердин Борбор Азия үчүн кесепеттери эми жөн гана абстракттуу геосаясат эмес. Алар адамдардын коопсуздугуна, эмгек миграциясына жана экономикалык кызыкчылыктарга түздөн-түз тиешелүү болуп калды.

Афган факторуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Жакында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун Борбор Азия менен Афганистандын коопсуздугуна арналган конференциясында “Афганистандан террорчулар туристтердин же эмгек мигранттарынын кейпин кийип кирип келиши мүмкүн экенин” билдирди.

Буга чейин Россия тараптан Афганистанга байланыштуу мындай билдирүүлөрдү мынчалык жогорку деңгээлде уккан эмесмин. Бул жагдай өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анткени Россия “Талибан” кыймылын террордук уюм катары таануудан баш тарткан алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон.

Ушундай шартта мыйзам ченемдүү суроо жаралат: Борбор Азиянын коопсуздугуна тышкы кепил болуп кайсы күч чыга алат?

Бул суроону мага Кытайдан келген кесиптештерим ар кандай эл аралык форумдарда бир нече жолу беришкен. Бул түшүнүктүү, анткени Пекин аймактын эң ири соода өнөктөшү гана эмес, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун негизги катышуучусу да болуп саналат.

Менин оюмча, аймагыбыздын коопсуздугунун башкы кепили мурдагыдай эле Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) бойдон калууда. Бүгүнкү күндө АКШ да, Улуу Британия да, Түркия да, атүгүл Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында да Борбор Азиянын аймактык коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт.

Акыркы жылдары Түркиянын аймактын коопсуздугун камсыз кылууга аскердик жактан катышуу мүмкүнчүлүгү (айрыкча Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында) жигердүү талкууланып келет. Бирок Сауд Аравиясынын айланасындагы кырдаал саясий билдирүүлөрдүн өзү жетишсиз экенин көрсөтүүдө.

Жакында “Ой Ордо” аянтчасында биз “Мекке коргонуу келишими” деп аталган, Түркиянын, Сауд Аравиясынын жана Пакистандын жамааттык коопсуздук боюнча үч тараптуу келишимин талкуулаганбыз. Аны көпчүлүк “исламдык НАТО” деп атап келишкен. Бирок Йемендеги хусилер Сауд Аравиясынын инфраструктурасына сокку урууну улантууда, ал эми Түркия менен Пакистандан Эр-Риядды колдоо тууралуу билдирүүлөрү негизинен сөз жүзүндө гана айтылууда.

Ошол эле учурда Азербайжан өзүнүн аймактык күн тартибин калыптандыра баштады. Президент Ильхам Алиевдин Азербайжан Карабах маселесин өз алдынча чечкени тууралуу билдирүүлөрү буга мисал боло алат. Менин оюмча, бул аймактык саясатта жаңы бурулуш болуп жатканын көрсөтөт.

Азербайжан “Борбор Азия” консультативдик форматына кошулуп, аймагыбыз үчүн  маанилүү мамлекетке айланууда. Мында анын ролу Түрк мамлекеттер уюму аркылуу гана чектелбейт.

Дагы бир олуттуу маселе - маалыматтык тирешүү жана Борбор Азиянын жарандарын ар кандай жаңжалдарга катышууга тартуу темасы.

Жакында социалдык тармактардан Украинанын “Хочу жить” (“Жашагым келет”) долбоорунун презентациясын көрдүм. Анда Россия тараптан атайын аскердик операцияга катышып жаткандардын дээрлик ар бир экинчиси Борбор Азиянын жараны экени айтылган.

Мен дал ушул “жаран” деген сөзгө көңүл бурдум. 1990-жылдардын аягынан бери миграция маселелери менен алектенип келе жаткан адис катары мындай маалыматтын канчалык ишенимдүү экенин тактоо зарыл деп эсептейм. Чындыгында эле сөз Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары жөнүндө болуп жатабы же жаңжалга катышкан учурда Россиянын жарандыгын алып калган, бирок биздин аймакта төрөлгөн адамдар жөнүндө сөз болуп жатабы?

Маалыматтык согуштардын шартында бул айырмачылык принципиалдуу мааниге ээ.

Ошол эле учурда Борбор Азиянын жарандарынын Украина тарапта жаңжалга катышып жатканы тууралуу маалыматтар кыйла аз. Бирок буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамында Чүй облусунда туулган адам жетектеген бөлүк бар экени тууралуу кабарлар жарыяланган.

Аймагыбыздан чыккан адамдар башка чет өлкөлүк жаңжалдарга да катышып келишкен. Мисалы, Түркиянын Сирияда Борбор Азияда туулган адамдарды жана аймактын жарандарын пайдаланганын талкуулаганбыз. Бирок Түркия тарапта согуштук аракеттерге катышкан Борбор Азиянын жарандарынын тагдыры тууралуу кеңири маалымат берген “Хочу жить” долбооруна окшош долбоорлорду көргөн жокмун.

Биз бир эле учурда маалыматтык тирешүүгө да, аймагыбызда туулгандардын куралдуу жаңжалдарга тартылышы сыяктуу реалдуу көйгөйгө да туш болуп жатабыз. Ошондуктан мындай маалыматтардын баарын өтө кылдат талдап чыгуу зарыл.

Бул тууралуу “Ой Ордо” стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат таануучу Игорь Шестаков аталган борбор уюштурган “Аймактык коопсуздуктун тенденциялары - 2026: 35 жылдык эгемендүүлүктөн кийин Борбор Азиядагы кырдаал кандай өзгөрдү?”- аттуу тегерек столдо билдирди.

Игорь Шестаков
Игорь Шестаков «Ой Ордо» борборунун директору, саясат таануучу