Консулдук департаменттин директору КРнын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдар менен жолугушуусу болуп өттү
2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Армениядагы, Беларусиядагы, Грузиядагы, Казакстандагы, Россиядагы жана Украинадагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары менен жолугушту.
Жолугушууда Ардактуу консулдардын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, анын ичинде кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча иштер талкууланды. Ошондой эле 2025-жылга карата ишмердүүлүктүн негизги приоритеттүү багыттары аныкталды.
Жолугушуу учурунда инвестицияларды тартуу, чет өлкөлөрдөгү кыргыз бизнестин колдоо, ата-мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын илгерилетүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо аркылуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.
Жолугушуунун соңунда Сейтек Жумакадыр уулу Ардактуу консулдардын ишине ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында мындан ары да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
