Бишкекте 2024-жылы 25 чакырым жол жана 20,6 чакырым тротуар оңдолуп
27 январь

Бишкекте 2024-жылы 25 чакырым жол жана 20,6 чакырым тротуар оңдолуп

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылга карата жыйынтыктары жана 2025-жылга карата милдеттери жөнүндөгү” коллегиясына катышты.  

Борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча шаардын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков баяндама жасады.   

Ал белгилегендей, Бишкек 2024-жылы экономикалык өсүштү көрсөтүп, өнөр жай өндүрүшүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн, тышкы сооданын, инвестициянын жана курулуштун өсүшү менен мүнөздөлгөн. Ошондой эле орточо эмгек акынын өсүшү жана жумушсуздуктун деңгээлинин төмөндөшү байкалды. Мындан тышкары шаарда 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылды. 

Баяндамада шаар бийлигин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду, айрыкча шаардык маалыматтык системаларды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. 

Дагы бир артыкчылыктуу багыт жол инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Биринчи вице-мэрдин айтымында, 2024-жылы 25 чакырым жол жана 20,6 чакырым тротуар оңдолуп, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн 6 көчө реконструкцияланып, ошондой эле жаңы асфальт-бетон заводу ишке киргизилген.