Мамлекеттик бажы кызматы электроника жана гаджеттерди мыйзамсыз ташып келүүнү аныктады
7 февраль

Мамлекеттик бажы кызматы электроника жана гаджеттерди мыйзамсыз ташып келүүнү аныктады

«Түндук» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы эрежелеринин бузуу фактысын аныктады.

«Темир жол бекети» БТЖсында «Ф.К.» ЖЧКсынын өкүлү, К.Ж.К. аттуу жарандын катышуусунда Америка Кошмо Штаттарынан келген почта жөнөтмөлөрүнө бажылык текшерип кароо жүргүзүлгөн. Текшерип кароонун жыйынтыгында толук көлөмдө декларацияланбаган жана бажы органдарына берилген документтерде көрсөтүлгөн баасын төмөндөтүү менен товарлар аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ар кандай категориядагы товарлар табылган, анын ичинде:

  • Ноутбуктар жана планшеттер;
  • Электроника үчүн аксессуарлар жана компоненттер (сактагычтар, клавиатуралар, процессорлор);
  • Уюлдук телефондор жана акылдуу сааттар;
  • Аудио түзмөктөр (кулакчындар, колонкалар);
  • Электрондук гаджеттер жана камералар;
  • Балдар оюнчуктары.

Жалпы саны 88 бирдикти түздү. Жогорудагы товар табылган учурда “Ф.К” ЖЧКнын өкүлү жүк коштоочу документтерин бере алган эмес.

Ошентип, компаниянын аракеттеринде товарларды мыйзамсыз ташып келүү жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен байланышкан бажы эрежелерин бузуу аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 408 023 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.