Алимжанова дыйкандарга делген жеңилдетилген кредиттер кимдерге берилип жатканына кызыкты
Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Нулифар Алимжанова фермерлерге берилчү жеңилдетилген кредит маселесин көтөрдү.
Ал Айыл чарба министрлигинен жеңилдетилген шартта кредит алган фермерлердин тизмесин берүүнү суранды.
Айтымында, көптөгөн фермерлер жеңилдетилген шарттагы кредиттер бар экенинен да кабары жок.
“Парламент кредиттерди берүүнү колдойт, бирок дыйкандар аларды жергиликтүү банктар ар кандай документтерди чогултуп кел деп убара кылып жатышканын айтышууда”, – деди депутат.
Депутат Аманкан Кенжебаев да кесиптешинин сөзүнө кошулуп, өткөн жылы 17 миллиард сом Айыл чарба министрлигине каралганын, анын 15 миллиард сому өздөштүрүлгөнүн белгиледи.
Ал калган 2 миллиард сом кайсы жакка кеткенине кызыкты.
“Эмнеге бюджет аткарылган жок?” – деди ал.
Мамлекеттик банктардын жыйынга катышып жаткан өкүлдөрүнүн айтымында, АЧК -13 (айыл чарбасын каржылоо) программасынын алкагында, банктарга 2,5 миллиард сом бөлүнүп берилген. Ал 100 пайызга аткарылды.
“Кредит берүүнү мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү деп эки багытка бөлүү керек. Мал чарбачылыгы боюнча кредит көп алынат”, – деди депутат Кенжебаев.
