Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5,1 пайызды түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,1 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 3,0 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 3,2 пайызга жогорулаган.
Ушул жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.
Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (6,5 пайыз) Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (9,6 пайызга) жогорулашы менен шартталды.
Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын жогорку өсүшү (9,7 пайыз) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (4,5) Ыссык-Көл облусунда, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (8,2 пайыз) Талас облусунда белгиленди
